Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:31

КЫЗЫЛКЫЯДА ЦЕМЕНТ ЧЫГАРУУЧУ ЖАҢЫ ЗАВОДДУН КУРУЛУШУ БАШТАЛДЫ


Алгачкы кубаттуулугу ишке киргенде жылына 1 миллион тонна цемент чыгаруучу заводдун курулушун баштоо аземи элдик ыңкылап майрамынан кийин өттү. Жергиликтүү элдин өзгөчө кызыгуусун арттырган заводдун курулушуна 1000 киши, толук кубаттуулукта иштей баштаганда ошончо адам иш менен камсыз болмокчу.

Баш-аягы 30 гектирге жакын жерди ээлеген, буга кошумча 15 чакырым алыстыктагы Аксай кенинен майдаланган ташты конвейер аркылуу ташып келүүгө эсептелген Кызылкыядагы цемент заводу Борбор Азиядагы жаңы типтеги өнөр жай ишканасы болмокчу. Социализм тушунда курулган Казакстан менен Өзбекстандагы 8, Кыргызстандагы Кант цемент-шифер заводдору нымдуу ыкма менен иштеп, иштетилгенден калган түтүн аралаш чаңды такай абага бүркүп турат.

Кызылкыядагы завод экологиялык жагынан таза, жаңы технологиялык жетишкендиктерди көргөзчү ишкана. Заводдун башкы директору Ян Фишер 80-жылдары Кызылкыяда цемент заводун куруу планга киргизилип, бирок да социализм урап калгандан кийин демилге унутта калган дейт.

- Бул долбоор, менин оюмча, Кыргызстанда курулган жана курула турган эң ири объект болмокчу.

Кыргызстандагы ири курулуштардын дээрлик баарынын башында турган тажрыйбалуу куруучу Ян Фишер социализм заманында алдагыдай ири ишкана кеминде 4 жылда курулуп бүтмөк эле деп билдирди. 14 айдын ичинде бүткөрүлчү ири курулуш комплекси бир убакта башталат.

- Биз бардык ишти бир убакта жасайбыз. Сырьену кабыл алуудан тарта чыгарылган цементти жүктөөгө чейин баарын чогуу жасайбыз,- дейт Ян Фишер.

Цемент заводунун жерпайын даярдаш үчүн 1 миилион тонна топурак сыртка ташылып чыгышы керек. «Инэксимбанктын» президенти Данияр Үсөнов жаңыдан ишке киргизип жаткан долбоорун каржылоого Кытайлык CAMC компаниясы 80 миллионго жакын доллар акча бөлүүгө макул болуп, заводдун жабдуулары жай айында келе тургандыгын маалымдады. Заводдун долбоорлоо жумуштары 9 айдын ичинде бүткөрүлдү. Кызылкыядагы цемент заводу артынан кошумча ишканаларды да ала келет.

- Жаңы сунуштар болуп жатат. Ал жерге гипсокартон чыгара турган дагы бир завод куруш керек. Азыр курулуштун баары гипсокартон менен болуп атпайбы. Фергана өрөөнүндө андай завод жок. Казактарда бар. Өзбектерде, бизде жок. Ошон үчүн ошол долбоорду да ойлоп жатабыз. Заводдун эки линиясы иштеп калса ар бир күнү 100 вагон жөнөтүшүбүз керек. Ал үчүн темир жолду оңдоо, ташуучу составды жаңылообуз керек.

Данияр Үсөновдун айтуусунда, буга кошумча көмүр өнөр жайын жаңылоо, башка курулуш материалдарын чыгаруу цемент заводунун курулушу менен кошо жүрмөкчү. Кытайдын CAMC компаниясынын вице-президенти Ванг Бо жаңы долбоор Кыргызстан үчүн өзгөчө маанилүү иш деп айтты.

- Бул абыдан маанилүү долбоор деп эсептейм, себеп дегенде, курулушка эң керектүү цемент чыгаруучу завод курулганы турат. Завод 2 миллион тонна цемент чыгарууга эсептелген.

Кыргызстандын Экономика жана каржы министри Акылбек Жапаров цемент заводу ишке киришсе 5 миңге жакын киши иш менен камсыз болор эле деген пикирде.

- Завод буюрса ишке ашып кетсе, быссымылда, дегенде эле 1000 жакын киши иштеп жатат. Ар бир үйдө бештен киши болсо, 5000 кишинин күнүмдүк оокаты, жумушу дагы пайда болуп атат.

Кызылкыянын тоо жактагы төштүү беттеги чакан Жинжиген айлынын жанына түшүп аткан заводдун курулушуна көпчүлүк менен кошулуп тестиер балдар да кызыкдар.

- Ушул жерде иштеген жакшы да, - дейт заводко коңшу айылдын өспүрүмү.

Кыйла жылдан бери болгон өндүрүштүн кыйласын талап-тоноп жок кылган кыргызстандыктар жаңы заводдун курулушуна өзгөчө маани беришкенин аземге келген Ош менен Баткен облусунун кылкылдаган калкы айгинелеп турду.

XS
SM
MD
LG