Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:02

Бүгүн ХАМАС жаңы өкмөттүн курамын паралментке сунуштайт


Палестина автономиясынын болочок өкмөт-башчысы, ХАМАСтын лидерлеринин бири Исмаил Хания, бүгүн жаңы өкмөттүн курамын жана программасын парламентке сунуш кылат. Шаршембиге чейин жаңы өкмөттүн курамын парламент жактырып, бекитип берет деп күтүлүүдө.
Палестинанын президенти Махмуд Аббас “Навада жаңы өкмөттүн саясаты улуттук кызыкчылыктарга каршы келе турган болсо, анда өкмөттү тарката турганын” эскертти.
ХАМАСтын өкүлдөрү Араб Лигасынын бүгүн Хартумда баштала турган саммитине да келишээри айтылууда.

XS
SM
MD
LG