Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:48

Христиан динине өткөн оогандын иши кайра прокуратурага берилди


Ооганстанда христиан динине өткөнү үчүн “өлүм жазасына тартылышы керек” делген Абдул Рахмандын ишин Жогорку сот кайра прокуратурага өткөрүп берди. Буга “Абдул Рахман акылынан тайган болушу мүмкүн” деген шек себеп болууда. Прокурор Земарай Хамединин айтымында, эми дарыгерлер Рахмандын акыл-эсин жакшылап текшерип көрүшөт. Эгерде ал оорулуу деп табылса, анда ага каршы кылмыш иши токтотулат.

16 жыл мурда христиан динин кабыл алган Абдул Рахман бир канча жыл чет-мамлекеттерде жашап, Ооганстанга жакында кайтып келген эле. Эки жума мурда ал камакка алынып, өлүм жазасына кесилиши мүмкүн болуп турган. Рахмандын айланасындагы окуя дүйнөдө дуу-дуу кепти жаратып, бир топ дүйнөлүк лидерлер, алардын ичинде Рим папасы Бенедикт XVI, ооган бийликтерине Рахманды бошотууну өтүнүп, кайрылышкан.

XS
SM
MD
LG