Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:37

Ирактын баш калаасы Багдатта кечээ кечинде америкалык аскерлер рейд өткөрүп, 16 козголоңчуну өлтүрүшкөнүн, дагы 15ин кармашканын айтышты


Маалымат агенттиктеринин кабарына караганда, кечээ америкалык аскерлер өлкөнүн Ички иштер министрлигинин имаратынан барымтадагы 17 чет-өлкөлүктү таап алышты. Алар кармалган жайга кароолчулук кылып турган 40 полисмен камакка алынды. Азырынча америкалык командачылык да, ирактык бийликтер да бул окуя жөнүндө комментарий айтыша элек.

Ал эми Баакуба шаарында 30га жакын өлүк табылды. Алардын көпчүлүгүн мууздап салышкан экен. Ирак бийликтери: “Булар шийилер менен суннилер ортосундагы араздашуунун курмандыктары болсо керек”, - деп жатышат. Анын аралыгында радикал шийилердин диний лидери Моктада Ассадрдын адамдары америкалык аскерлер 20га жакын адамды өлтүрүшкөнүн айтып жатышат. Ал эми мамлекеттик сыналгы каналы да канга бөлөнгөн бир топ кишини көрсөтүп, ал жөнөкөй тургундар америкалык аскерлердин курмандыктары болушканын айтты. Бирок америкалык командачылык буларга тийиштиги жок экенин билдирди.

XS
SM
MD
LG