Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:47

Бүгүн Украинанын президенти Виктор Ющенко парламенттик шайлоодо жеңген партиялардын лидерлери менен көрүшүп, масилеттешет


Бюллетендердин жарымынан көбү эсептелинип бүттү. Аларга ылайык, азырынча 27 пайызга жакын добушу менен Виктор Януковичтин Региондор партиясы алдыда келатат. Анын артынан Юлия Тимошенконун блогу жана президент Виктор Ющенконун “Биздин Украина” партиясы экинчи-үчүнчү орундарды ээлеп турушат. Мына ушул эки партия жаңы коалициялык өкмөттү куруу үчүн социалисттик партия менен кошула алышса, алар Орусияга ык алган Януковичтин Региондор партиясын өкмөттү түзүүгө катыштырбай коюшу мүмкүн.

Евробиримдик, Кошмо Штаттары жана Европа коопсуздук жана кызматташтык уюму Украинадагы шайлоону “демократиялык стандарттарга жооп берди” деп макташты. Ал эми Украин президенти муну “украин элинин жеңиши” деп сыпаттады.

- Бул жерде дайыма бир эле жеңүүчү болот - бул улут, эл. Бүгүн жергиликтүү, анан эларалык байкоочулар да Украинанын демократиялык тандоосун тастыктап жатышканына мен эч батына албай турам, - деди Украин мамлекетинин башчысы Виктор Ющенко.

Анын аралыгында, Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Украинада түзүлө турган жаңы өкмөт Москва менен алакаларын жакшыртканга аракет кылат ко деп үмүттөнөөрүн айтты.

XS
SM
MD
LG