Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Ноябрь, 2023-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:12

Бүгүн Израилде кезексиз парламенттик шайлоо өтөт


Коом пикирин аныктоо үчүн жүргүзүлгөн соңку сурамжылоолорго ылайык, азыр премьер-министрдин милдетин аткарып жаткан Эхуд Ольмерттин “Кадима” партиясы (бул партияны Ариэл Шарон түзгөн – автор.) парламенттеги 120 орундун 34 үн ээлеп, жеңип чыгышы мүмкүн. Анын негизги атаандаштары “Ликуд” жана Эмгек партиялары. Бирок, байкоочулардын баамында, бул партиялардын бирөөсү да өкмөттү жалгыз куруу үчүн жетишерлик добуш топтой алышпайт. Ошондуктан, аларга биригип, коалициялык өкмөттү түзүүгө туура келет. Жалпысынан шайлоого 4 жарым млн.адам добуш берүү үчүн катышаары күтүлүүдө. Палестиналык козголоңчу топтордун чабуулунун алдын алуу үчүн ушу тапта өлкөдө коопсуздук чаралары күчөтүлгөн.

XS
SM
MD
LG