Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:46

ФРАНЦИЯ: СТУДЕНТТЕРДИН ДЕМОНСТРАЦИЯЛАРЫ УЛАНУУДА


Бүгүн Францияда эмгек жөнүндөгү жаңы мыйзамга каршы ири акция өтүп жатат. Бир нече жумадан бери өлкөнүн көпчүлүк жогорку окуу жайлары жабык турат. Жаш лидерлердин бири, Париждеги Ассас университетинин студенттик кеңешинин жетекчиси Талия Бретон кабарчыбыз Антуан Блуанын суроолоруна жооп берди.

- Жаңы мыйзам же французча CPE, эмне үчүн ушундай реакция жаратты?

Жаштарды ушундай арсар абалга кептеген жобого эч качан макул болбойбуз. Эмне үчүн жаштарды себебин түшүндүрбөй, дээрлик алдын ала маалымдабай туруп, эч кандай компенсация төлөбөй эле жумуштан кетирсе болот?

- Бирок өкмөт дээрлик 20 процентке жеткен жаштар арасындагы жумушсуздукту жоюууну көздөп жатабыз деп ырастоодо. Сиздин оюңузча, жумушсуздукту эмгек рыногундагы ийкемсиздик жараткан жокпу?

Бул чындыктан алыс. Ультра-либерал теориясы болбосо, экономикалык өсүштү эмгек жөнүндөгү мыйзамдар камсыздайт деген башка экономикалык теория жок. Жумуш берүүчүлөр кызматкерлерди экономикалык өнүгүү болгондугу үчүн ишке алышат, Францияда болсо бүгүнкү күндө экономикалык өсүш жок.

- 1968-жылы Парижде миңдеген студент ыңкылапка чакырып, өкмөткө каршы чыккан. Ошол кыймыл менен бүгүнкү нааразылык жыйындардын окшоштугу барбы?

1968-жылы биздин ата-энелерибиз консервативдүү коомду, эскичил ой жүгүртүүнү жоюуу үчүн чыгышкан. Бүгүн болсо биз 1968-жылы орногон социалдык моделди сактап калууну көздөйбүз. Биз эч кандай революцияны каалабайбыз.
Эң негизгиси, биздин максатыбыз да башка. Тилекке жараша бүгүнкү коом 1968-жылкыдан абдан айырмаланат
.

- Өнүгүп келаткан өлкөлөрдө калктын көпчүлүгү жакырчылыкта жашайт. Сиз аларга тикеңерден тик туруп, коргоп жаткан идеяларыңарды кантип түшүндүрөт элеңиз?

Менимче, элдин кызыкчылыктарын коргогон социалдык модельдин өнүккөн мамлекеттерде иштеп жатышын көргөзүү абдан маанилүү. Ооба, Борбор Азияда, Россияда элдин калың катмары кедейчиликте жашайт. Бирок социалдык коргоону, кепилдиктерди, эстен чыгарбаш керек. Тескерисинче, биз Россия, Өзбекстан же Кытай болобу социалдык коргоонунун деңгээлин көтөрүшүбүз керек.

Ал эми Франциядагы кыргызстандык студенттер нааразылык акциялары жөнүндө эмне дешет. Биз Гренобль университетинде окуган Сейтек Дүйшеновко бир нече суроо узаттык.

- Сейтек, силердин университетте окуу процесси уланып жатабы?

Бир айдан бери окуу жок, 5-курста сабак кээде болот кээде жок. Жалпысынан окуу жок. Бардык жерлерде манифестациялар, транспорт жаман иштейт. Биз билбейбиз эртең окуу болобу же жокпу.

- Сессия кандай болот анда?

Азыр эч нерсе белгилүү эмес. Кээ бирлер айтышат, күзүндө болот деп, экзамен жөнүндө маалымат жок.

- Чет өлкөлүк студенттер катышабы ошондой демонстрацияларга?

Жок, себеби алардын көпчүлүгү окууну аяктагандан кийин өз мамлекттерине кайтып кетишет. Ошол мыйзамдын бизге тиешеси жок. Чет өлкөлүктөр үйлөрүндө сабак окуп отурушат.

Дем алыш күндөрү Франциянын булуң-бурчунда наарызылык акцияларына каршы демонстрациялар өттү. Айрым жаштар акцияларды токтотуп, университеттерди ачыш керек дешүүдө. Алардын колдоочулары көпбү?

Ооба, анткени азыр Францияда демонстрациянын эки түрү өтүп жатат. Биринчиси - жаңы мыйзамга каршы, экинчиси - универcитетти ачуу үчүн. Себеби кээ бир студенттер эмгек жөнүндөгү жобону колдобойбуз, бирок окугубуз келет дешет.

XS
SM
MD
LG