Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:03

ЕККУ төрагасы Кыргызстанда


БИШКЕК. Бүгүн Бишкекке Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун төрагасы, Бельгиянын Тышкы иштер министри Карел де Гюхт келди. Ал президент Курманбек Бакиев, өкмөт башчы Феликс Кулов жана Жогорку Кеңештин төрагасы Марат Султанов менен жолугушууларды өткөрүп, эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Бул жолугушууларда ЕККУ төрагасы Кыргызстанга таанышуу максатында келгенин айтып, өлкөдөгү негизги көйгөйлүү маселелер катары коррупциянын, уюшкан кылмыштуулуктун күчөшүн, улут аралык мамилелерди атады. Ушул саатта ал журналисттер үчүн маалымат жыйынын берүүдө.

XS
SM
MD
LG