Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:12

Хартумда Арап Лигасынын жылдык саммити өтүп жатат


Кечээ Судандын баш калаасы Хартумда Араб Лигасынын саммити ачылган эле. Анда арап лидерлери эларалык коомчулукту Жакынкы Чыгыштагы тынчтык процессин дагы да жандантууга, анан Палестинадагы шайлоонун жыйынтыктарын урматтоого чакырышты. Ал шайлоодо ХАМАС согушчул тобу жеңип чыккан.

- Палестинада кырдаал аябай эле начарлап баратат. Тынчтык процесси да басаңдап кетти, ал такыр эле токтоп калат ко деген коркунуч бар. Оккупанттар дагы эле колониалдык саясатын улантышууда. Эми Палестина менен Израилде эки жаңы өкмөттүн түзүлүшү тынчтык процессин кайра жандантууда аларга жакшы мүмкүнчүлүк берет ко деп үмүт кылып жатабыз, - деди Арап Лигасынын башчысы Амр Мусса.

Саммитте Судандын президенти Омар ал-Башир арап дүйнөсүн Дарфурда тынчтыкты камсыз кылуу үчүн зарыл акчаны берип турууга чакырды.
Жалпысынан саммитке 22 өлкөнүн башчылары келет деп күтүлгөн эле. Болгону 12си эле катышып жатат. Эки күнгө созулат деген саммит бир эле күн өтүшү мүмкүн деген кабарлар айтылууда.

XS
SM
MD
LG