ЖАҢЫЛ ЖУСУБЖАН: Түркияда силер кыргыз радиосун иштетип жаткан экенсиңер, кайсы максатты көздөдүңөр?
МИРЛАН МАМЫШЕВ: Кыргыз радиосунун ачылганынын себеби азыр кыргызча ырлар, манас, мыскыл жана тамаша интернет аркылуу берилбейт. Азыр Америкада, Орусияда, Кореяда көп кыргыздар иштеп жүрүшөт, биз аларга кыргызча ырларды угузуп туралы дедик.
ЖАҢЫЛ ЖУСУБЖАН: Угуп жатышабы?
МИРЛАН МАМЫШЕВ: Азырынча угуп жатышат. АКШда, айрыкча Орусиядан көп, Кореядан, Пакситандан кирген угуучуларыбыз бар. Азырынча музыка берип жатабыз. Жакшы кабарларды, жарыштарды уюштуралы деген максатыбыз бар. Биз канчалык кыргызча ырларды көп уксак, өзүбүзгө болгон ишеним ошончолуп артат. Өзүбүздүн ырчыларыбызды чыгарып, кыргыз рэп жана башка музыкага мүмкүнчүлүк берсек, биздин музыка да өнүгөт. Башкы максаттарыбыздын бири ошол.
ЖАҢЫЛ ЖУСУБЖАН: Ошентип, жаңы жылда жаңы технологиянын аркасы менен Мирлан Мамышев деген жигит тээ алыскы Истамбулдан кыргыз маданиятына ушинтип бараандуу салым кошууда. Анын эмгегин алыста жүргөн улутташтарыбыз айрыкча баалары айтпаса да түшүнүктүү. Интернеттеги тунгуч кыргыз музыка радиосунун дарегин дагы эскерте кетсем - www.kyrgyzradio.com. Бул радио күндө 18 саат ободо болот.