- Бул жакка келген кишилер эркиндикти каалайт, эч кандай чек ара болбошу керек, расалык бөлүнүү, миграцияны чектеген мыйзамдарга жол берилбесин! Жашасын биздин эл! Жашасын эркиндик!
Бул өткөн дем алыш күндөрү АКШнын Лос-Анжелес шаарында өткөн демонстрацияга катышкан испан тилдүү мигранттын айткандары. Америкалык конгрессмендердин мыйзамсыз мигранттарга каршы чечкиндүү чаралар көрүү аракетине каршы өткөн бул демонстрацияга 500 миңдей киши катышты. Конгресстеги демилгеге нааразы мигранттардын акциялары Американын Детройт, Даллас, Денвер өңдүү башка да чоң шаарларында болуп өттү.
Дорис Мейснер – АКШнын Иммиграция жана жаңы шарттарга көндүрүү кызматынын мурдагы жетекчиси. Ал Америкада көптөн бери мындай демонстрациялар болуп көрбөгөнүн айтат.
- Менимче, соңку жылдары мындай акция болуп көргөн эмес. Азыр бул анык көп улуттуу шаарга айланды. Бул акциялар акыркы дем алыш күндөрү тынбай өтүп жатат.
Конгрессмендер сунуш кылып жаткан мыйзам боюнча, Кошмо Штаттарда бардык компаниялар жумуш сураган кишинин документтерин кылдат текшерип турушу керек. Андан сырткары Американын Мексика менен чек араларына тосмо куруу талап кылынат. Бул чараларды АКШнын Өкүлдөр палатасы өткөн декабрь айында эле колдогон. Долбоордун мигранттар үчүн жагымдуу жагдайлары да бар. Мисалы, буга чейин Америкага барып жашап калган каттоосуз мигранттарга мыйзамдуу статус берилет.
Жим Гилкрист – Калифорния штатында мигранттар маселеси менен алектенген бейөкмөт уюмдун түзүүчүсү. Ал АКШ миграция саясатын колго алып, мыйзамдуу жолдор аркылуу керектүү адистерди алышы керек, мыйзамсыз мигранттар толгон-токой көйгөйлөр жаратууда деген пикирде.
- Эч ким кул болгусу келбейт. Америка жарандары жан багыш үчүн саатына кеминде 9 доллар төлөгөн жумушка муктаж. Мыйзамсыз мигранттар саатына 5-6 долларга деле макул болуп, арзан күчкө айланды.
Конгрессте каралып жаткан жаңы мыйзамдын келечеги кандай болоорун алдын-ала айтуу кыйын. АКШ президенти Жорж Буш Сенаттын комитети сунуш кылган айрым керектүү мигранттарды кабыл алуу программасын колдойт, бирок буга чейин Америкага барып жашап калган миллиондогон чет элдиктерге мыйзамдуу статус берүүгө каршы.
- Бир нерсени айтып коюу керек, убактылуу жумушчу программасы биздин өлкөдө мыйзамсыз жашап жүргөндөргө эч кандай жеңилдик бербейт. Аларга ырайымдуулук кылуу адилетсиз болооруна ишенем, анткени анда мыйзамды бузган кишилерге кадимки жарандардай укук берилип калат.
АКШ президенти анткен менен, ушул дүйшөмбүдө мыйзам долбоорун Сенаттын юридикалык комитети карап, мыйзамсыз мигранттарды кылмыш жообуна тартуу сунушун четке кагып, анын ордуна аларга Американын жарандыгын тартуулап, иш берип, англисче үйрөтүп, салык жана башка төлөмдөрдү төлөтүү жөнүндө жоболор киргизди. Комитет президент Буштун айрым керектүү адистерди чет өлкөлөрдөн убактылуу чакыртып иштетүү программасын колдоп берди.
АКШдагы мыйзамсыз мигранттар жөнүндөгү жаңы мыйзам долбоорун Сенат жакында талкуулайт. Аны утурлай ушул жумада Вашингтондо жана башка бир катар шаарларда нааразылык акциялары уланууда. Статистикалык маалыматтарга ылайык, ушу тапта АКШ жарандарынын 33 миллиондон ашууну чет өлкөлөрдө төрөлгөн адамдар. Аларга соңку жылдары Америка жарандыгын алган бир нече миңдей кыргызстандыктар да кирет.