БИШКЕК. Кыргызстандын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн 30-мартта Рыспек Акматбаевди депутаттык жарыштан чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алды. БШК депутатыкка талапкердин мурда соттолгондугу жоюла электигин жана Кыргызстанда мыйзам талап кылган мөөнөттө жашабагандыгын негиз кылып туруп ушундай бүтүм чыгарды.
Рысбек Акматбаевдин мурда соттолгон адам болгондуктан жана бир катар оор кылмыштарга катышы бар деп шектелип жаткандыктан, премьер-министр Ф. Кулов, Ички иштер министрлиги жана бир катар бейөкмөт уюмдар аны шайлоо жарышынан чыгарып салууну БШКдан талап кылып келишкен. Президент К. Бакиев өз кезегинде соттун кароосунда жаткан иштерге киришпей турганын жарыя кылган.
Р. Акматбаевдин жактоочулары БШК чечимин саясий кысымдан чыккан чечим деп аны талашып сотко кайрылмакчы болуп жатышат.