Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июль, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 03:52

Жалалабатта СПИД илдетинин алдын алуу чаралары талкууланды


ЖАЛАЛБАТ. Кеңешме глобалдык фонд ВИЧ илдетине бөлүнгөн каражаттарды айрым бейөкмөт уюмдар максатсыз пайдаланганын белгиледи. Түшүндүрүү иш-чаралары шаарларда 20-30 адамдын арасында өткөрүлөт, элеттин басымдуу бөлүгү СПИДден кантип сактануунун чаралары менен тааныш эмес. Облуста ВИЧ илдеттүү 69 адам катталган, арасында төрт жашар бала да бар. Бул көрсөткүч реалдуу турмуштан 10-15 эсе аз болуусу ыктымал. Оорулардын 80 пайызы кеселди маңзаттарын сайынуудан жуктурган. Эсепте турган эки миңден ашык наркомандын көпчүлүгү жумушсуз.

Аба ырайы

БИШКЕК. Аба ырайын маалымдоо борборунун билдирүүсү боюнча, 31-мартта Жалалабат, Ош, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан жаайт. Калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +3…+8, күндүз +18…+23 градус.
Таласта түнкүсүн +1…+6, күндүз +15…+20 градус.
Жалалабат, Ош, Баткен дубандарында түнкүсүн +4…+9, күндүз +17…+22 градус.
Ысыккөлдө түнкүсүн -2…+3 градус, күндүз +10…+15.
Нарын аймагында түнкүсүн 0…+5, күндүз +9…+14 градус.
Бишкекте күн ачык болот. Абанын температурасы түнкүсүн +6…+8, күндүз +20…+22 градус.

Шайырбек Эркин уулу

Редактору Кубат Чекиров

XS
SM
MD
LG