Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:18

Палестинада ХАМАС согушчул тобу түзгөн жаңы өкмөт президент Махмуд Аббаска ант берди


Андан бир күн мурда автономиянын парламенти жаңы өкмөттүн курамын бекиткен. Ошентип, кечээ жаңы өкмөттүн курамы ант бергенден кийин, Канада Палестина менен алакаларын солгундатаарын билдирди. Башка Батыш мамлекеттери да ушундай эле кадамга барышаары күтүлүүдө. Кошмо Штаттары болсо өзүнүн дипломаттарына палестиналыктар менен катташууга тыйуу салды. Ал эми Евробиримдик, Орусия, Улуттар уюму жана АКШ кирген айтылуу “Квартет”: “ХАМАС Израилди мамлекет катары таанып, куралын ташташы керек, тынчтык процесси боюнча сүйлөшүүлөрге келиши лаазым. Эгер булар аткарылбаса, анда Палестина эларалык жардамдан куру калат”, - деп эскертти.

XS
SM
MD
LG