Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Август, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:12

Либериянын экс-президенти Чарльз Тэйлорду Нигериядан кайра өз мекенине алып келишти

Кечээ Тэйлор Нигериядан Камерунга качып бараткан жеринен кармалды. Экс-президент өз өлкөсүндө согуш кылмыштары үчүн айыпталууда. Анын ысмы Улуттар уюмунун Трибуналында катталып турат. Тэйлор Либерияда бир канча жылга созулган граждандык согуштан кийин 2003-жылы Нигерияга качып кеткен. Жакында Нигериянын президенти аны Либерияга өткөрүп берүүгө даяр экенин айткан эле. Ошондон кийин Тэйлор Камерунга качып кетүүгө аракет кылганы кабарланды.
XS
SM
MD
LG