Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:40

Израилде парламенттик шайлоодо утуп чыккан “Кадима” партиясы өкмөт куруу боюнча сүйлөшүүлөрдү баштады


“Кадиманын” лидери, азыр премьер-министрдин милдетин аткарып жаткан Эхуд Олмерт, жаңы өкмөттү куруу боюнча башка партиялар менен бейрасмий сүйлөшүүлөрдү өткөрүп жатат. Израилде 28-мартта өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыктары боюнча, “Кадима” 120 орундуу Кнессеттен 28 орунду ээледи. Бирок бул өз алдынча өкмөт курууга жетпейт. Ошондуктан ал парламентке өткөн башка партияларды өзү менен бирге коалициялык өкмөт курууга көндүрүшү керек. “Кадимадан” сырткары Эмгек партиясы, фундаменталисттик Шаас, ультра-улутчул Йисраил Бейтену жана оңчул Ликуд партиялары парламенттен орун таба алышты.
“Кадиманын” лидери Эхуд Ольмерт жакында Палестиндеги шайлоодо жеңген ХАМАС тууралуу да айтып, партия куралын таштап, Израилди таанымайын, аны менен эзели сүйлөшүүгө барбай тургандыгын ырастады.
Палестин президенти Махмуд Аббас болсо Израилде “Кадима” жеңгени тууралуу: “Ольмерт өзүнүн саясатын өзгөртүп, өзүмчүлдүк аракеттерин жыйыштырган күндө гана өзгөрүүлөрдү күтсө болот”, - деди. Ал эми АКШнын президенти Жорж Буш кечээ Эхуд Олмертке телефон чалып, жеңиши менен куттуктады.

XS
SM
MD
LG