Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Май, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:25

Чехиянын бир катар шаарлары суу астында калышы мүмкүн


Ушул аптада Чехияда күн жылып, тоолордо кар эриген сайын, дайраларда суу адаттагы деңгээлинен бир нече эсе көтөрүлдү. Бийликтердин айтымында, суу ташкынынан өлкөнүн чыгышындагы Моравия менен Богемиянын түштүгү өзгөчө зыян тартышы мүмкүн. Ал жерлерде адамдар башка аймактарга көчүрүлө баштады. Мындан төрт жыл мурда өлкөнүн баш калаасы Прагада Влтава дарыясынын деңгээли бир топ көтөрүлүп, шаардын эски-тарыхый бөлүгү суу астында калган эле.

XS
SM
MD
LG