Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:08

Мындан үч ай мурда Иракта уурдалып кеткен америкалык журналист Жилл Кэррол кечээ барымтадан бошоп чыкты


Ал Ирактагы сыналгы каналынан сүйлөп, барымтада аны кыйнашпаганын, бирок эмне үчүн уурдалганын өзү да түшүнбөй жатканын айтты.

- Алар мага жылуу мамиле кылышты. Мен кичинекей, бирок ыңгайлуу жерде кармалып турдум. Rийимдерди берип турушту, даамдуу тамактанып жаттым. Кенен кесири жуунуп-таранып турганга да мүмкүнчүлүк беришти. Алар мага эч кол көтөрүшкөн жок. Ур-токмокко алат деген коркунуч да болбоду, – дейт барымтадан бошонуп чыккан америкалык журналист.

Бүгүн Кошмо Штаттары америкалык журналисттин бошотулушуна жардам кылган ирактырдарга, ирак өкмөтүнө ыраазычылык билдирди. 28 жаштагы Жилл Кэролду 7-январда Багдаттан уурдап кетишкен. Барымтачылар анын оордуна ирак түрмөлөрүндөгү баардык аялдарды бошотууну талап кылышкан. Анын котормочусун куралчандар мууздап салышкан. Журналист кантип бошоп чыкканы азырга чейин белгисиз. Кэрол иштеген "Christian Science Monitor" басылмасы өз кабарчысын бошотуу үчүн барымтачыларга бир тыйын да бербегенин айтат.

XS
SM
MD
LG