Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:23

Р. Акматбаевдин жактоочулары Бишкекте Өкмөт үйүнүн алдына нааразылык акциясына чыгышты


Нааразылык акциясына чыккандар Р. Акматбаевдин депутаттыкка талапкерлигин калыбына келтирүүнү жана премьер-министр Ф. Куловду кызматынан кетирүүнү талап кылууда. Алар мүдөөлөрү аткарылмайынча каршылык акциясын токтотпой турганын билдиришти.
Өкмөт үйүнүн туш тарабын милиция күчтөру курчап, кырдаалды көзөмөлгө алып турат.

Балыкчы шайлоо округунан депутаттыкка ат салышып жаткан Р. Акматбаев 30-мартта БШКнын чечими менен жарыштан чыгарылган болчу. Боршайком бул талапкердин мурда соттолгондугу жоюла элек жана ал акыркы беш жылы Кыргызстанда туруктуу жашаган эмес негизде ушундай чечим кабыл алган.

XS
SM
MD
LG