Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:15

ЖАЗГЫ ТАБИГАТ КЫРСЫКТАРЫ КООПТОНДУРУУДА


Кожогелди Култегин, Бишкек. Кардын калың түшкөндүгү менен жазгы жаан-чачындын арбын болорун эске алып, адистер үстүбүздөгү жылды табигый кырсыктар арбын катталган 1994-жылга салыштырып жатышат. Андыктан Күтүүсүз кырдаалдар министрлигинин жетекчилери жалпы Кыргызстанды түрө кыдырып, алдын алуу иштери менен алек.

Адистердин баамында үстүбүздөгү жыл табигый кырсыктар көп тооруган жылдардан болуп саналат. Муну алдын ала жүргүзүлгөн изилдөө иштери көрсөтүп жатканын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин мониторинг департаментинин начальниги, профессор Шейшеналы Усуппаев белгилейт.

- Кырсыктардын кайталанчу 12 жылдык, 22 жылдык, 33 жылдык циклдери болот. Быйылкы жыл көп жагынан табигат кырсыктары, айрыкча жер көчкүлөр арбын катталган 1994-жылга окшош болуп атат. Айырмасы мурда жер көчкүлөр жалаң түштүктө жүрсө, азыр түндүк райондорунда да күтүлүүдө,-деди Шейшеналы Усуппаев.

Күтүүсүз кырдаалдар министринин орунбасары Бакир Жолчиевдин айтуусунда, жер көчкү быйыл айрыкча Алай, Каракулжа райондорунда, Карасуу, Майлысуу тараптарда чыгышы ыктымал. Кыян жалпы эле Кыргызстан боюнча, жер астындагы суулардын көтөрүлүшү Карасуу районунда, Чүй боорунда, Таластын көпчүлүк аймактарында, анан Кочкор, Тоң райондорунда күчөп кетиши мүмкүн. Жер астындагы суулардын көтөрүлүшүнүн ыргагы өлкөнү айрыкча кооптондурууда.

Табигат кырсыктарынын алдыналуу иштерине бюджеттен 306 млн. сом бөлүнгөн. Албетте, бул жетишсиз. Андыктан жергиликтүү бийликтер, жергиликтүү эл менен бирдикте алдыналуу иштерин уюштурууга айрыкча аракет кылынууда. Башкача айтканда, 414 обьектиге цемент, зымтор сыяктуу нерселерди МЧС жеткирет да, эл өзү иштейт.

Күтүүсүз кырдаалдар министрлигинин Чүй облустук бөлүмүнүн начальниги Жумадил Усубалиев Чүйдөгү табигат кырсыгына байланыштуу жагдай опурталдуу экенин билдирди:

-Жер алдынадагы суулардын көтөрүлүшү мурдараак 74 айыл-кыштакка коркунуч туудурса, быйыл 100 дөн ашып кетти. Бул негизинен эле коллектордук дренаждык сиcтемалардын айыл өкмөттөрүнө өткөрүлүп берилгендигинен, каражаттын жоктугунан аларды айыл өкмөттөрү карабай койгондугунан гана болуп олтурат.

Тоодон келген сууларды Чоң Чүй каналына өткөрүп ийчү ошол коллектордук дренаждык системалар жайгашкан бир катар аянттар соңку жылдары архитекторлор тарабынан ар кандай курулуштарга да берилип кеткен.

Күтүүсүз кырдаалдар министринин орунбасары Бакир Жолчиев жаңы эле Ысыккөл, Нарын облустарын кыдырып келди. Ал байкаган нерсе, системалуу каржылоонун жоктугунан көпчүлүк мекеме-уюмдар Күтүүсүз кырдаалдар министрлиги менен түздөн-түз иштебей, сырткы инвестиция келчү ишканаларга которулуп кетишкен. Албетте, аларды мурдагы орундарына кайтаруу да оңой эмес жумуш. Демек, алдыда күтүлгөн табигат кырсыктары өзүнчө реформаны да талап кылып жаткансыйт.

XS
SM
MD
LG