Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:23

МАСКӨӨДӨ АКАДЕМИК ЭДГЕМ ТЕНИШЕВДИ ЭСКЕРҮҮ КЕЧЕСИ ӨТТҮ


Муса Мураталиев, Маскөө калаасы Кечээ Москвада атактуу түрк тилдерин изилдөөчү Эдгем Тенишевдин 85 жылдыгын утурлаган эскерүү кечеси өттү. Аны орусиялык маданият кору демилге көтөрүп өткөрдү.

Артында көптөгөн шакирттери менен китептери калган окумушту Тенишев теги жагынан алганда алтын ордо уюткусу делип эсептелген бай татарлар -орусча алганда дворян татарлар болот экен. Түрк тилдерин изилдөөдө зор салым кошкон Эдгем Тенишев Пенза калаасында (1921-жылы 25-апрелде) туулган. Тенишевдин чоң энеси Хабижамал кезегинде өз каражатын жумшап Пензада мечит салдырган экен.

Көрүнүктүү окумуштуунун 85 жылдыгына арнаган кечени Орусиялык маданий кору каржылап өткөрдү. Ал жерде айтылган кепте, кезегинде советтер союзунда бирден бир коомдук уюм болгон, анын башында академик Дмитрий Лихачев турган советтик маданият кору президиумуна Эдгем Тенишев да мүчө болгон экен. Ал саны жагынан аз элдердин абалын иликтөө ишин жүргүзүптүр. Натыйжада орусиялык саны жагынан аз элдердин кыйласында өз жазуусу пайда болуптур. Ар кыл энциклопедия беттерине жазылыптыр.

Кечеде сүйлөгөн окумуштулар «Тенишевдин ысмы кийинки учурда орусиялык түркологияны билдирип калды» дешти. Тил илимин таануу институтунун директору Виктор Виноградов айтканга караганда атактуу илимпоздун эки көөнөрбөс касиети болгон:
«Биринчи касиети анын тил илимине өчпөс кызыгуусу, экинчиси анын чыгармачылык тартипти бек сакташы», - деп кетти.

Орус окумуштуулар кай бирлери «Тенишевдин уюштургуч жана чыгармачылык дараметинен улам ага дейре эч бейтааныш тармак болуп келаткан советтик түркология маселелери Батышта да Чыгышта да оозго алына баштаганын» белгилешти.

Дүйнөгө атагы таркаган орусиялык окумуштуулар жаатын Чыгыш таануу институтунун жетекчилер бири Владимир Алпатов айтты:«Радлов, Милеряцкий, Самойлович, Котляревский, Кононов, Баскаков ушулардын бардыгы чыныгы инсан болушкан. Эдгем Рахимовч (Тенишев – ММ) абдан эрте, тез аранын ичинде алардын арасынан өз ордун таба алды», - деди атактуу окумуштуу.

Ал жерде көрсөтүлгөн чакан кинодо Тенишев 1931-1934 жылдары НЭП жок кылынганга байланыштуу алардын үйбүлөсү Пензадан сүрүлүп Кыргызстанга барып калганын жана ал жолу кыргыз журтчулугу аларды жылуу кабылдаганын окумуштуу жылуу сөздөр менен эскерген. Жалалабадды, маселен, куду бейиштей жер экен деп эскерет:

«Чын эле алдыбызда жер үстүндө кезикчү бейиши турган эле», - деген маркум Тенишев ал кинодо.

Кечеде 1956-1959 жылдары Тенишевдин үч жолку ички Кытайга экспедицияга барып кайтышы дүйнөлүк илимге кошулган өзгөчө салым болгону белгиленди. Шынжан, Цанхай жана Гансы провинцияларында өткөрүлгөн изилдөөлөр бир нече ачылыштарды жараткан экен. Ал кезге дейре белгисиз калып келаткан Кытай жеринде жашачу түрк тилинде сүйлөгөн элдер тилин, этнографиясын, маданиятын, тарыхын, кулк мүнөзүн изилдөөгө мүмкүндүк алынган экен.

Тенишев өткөргөн ошол экспедициялар жыйынтыгы кийин кытай, түрк, алман, англис, француз, италия жана башка тилдерге которулуп чыкканы айтылды. Фолклористика жана этнография тарбында Тенишев кошкон салым да кыйла сөз болду.

XS
SM
MD
LG