Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:56

ЕККУнун ТӨРАГАСЫ ИШЕМБИДЕ ТАШКЕНДЕ СҮЙЛӨШҮҮ ЖҮРГҮЗӨТ


Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун (ЕККУ) учурдагы төрагасы, Белгиянын тышкы иштер министри Карл де Гухт үстүбүздөгү аптада Борбордук Азиянын Өзбекстандан башка өлкөлөрүнүн дээрлик бардыгын кыдырып чыкты. Ал өз сапары карып бараткан чакта, бүгүн Ооганстандан Өзбекстанга келди. Эртең ал расмий Ташкен менен сүйлөшүү жүргүзүп, былтыркы кандуу Анжыян окуяларын сөзгө алаары күтүлүүдө.

Бейшембиде (30-мартта) ЕККУнун учурдагы төрагасы, Белгиянын тышкы иштер министри Карл де Гухт (Karel De Gucht) расмий Дүйшөмбү менен сүйлөшүү жүргүздү. Тажик президенти Эмомали Рахмонов жана өлкө премьери Акыл Акылов (Окил Окилов) менен жолуккан соң, Карл де Гухт мындай деп айтты:

- Сиздер ноябрда өлкөңүздөрдө президенттик шайлоо өткөрөсүздөр. Биз бул шайлоого ЕККУнун байкоочуларын жиберүүнү сунуштадык. Президент дароо эле буга кедерги болчу эч жагдай жок экенин айтып жооп кайырды. Биз алдыдагы шайлоолор үчүн стандарттык талаптарды иштеп чыгуу жаатында чогуу иш алып барууну сунуш кылдык.

Карл де Гухттун оюнча, бул шайлоо Тажикстандын демократияга карай өнүгүү жолунда өзгөчө олуттуу сере болуп калмакчы жана ЕККУ анын эркин жана калыс өтүүсү үчүн үмүт артууда.

Тажикстандагы буга чейинки шайлоолорго деле ЕККУ байкоо жүргүзүп келген, бирок өлкө бийлиги шайлоону эл аралык стандартка төп өткөрүү жаатында жылуу баага татый элек болчу.

ЕККУнун төрагасы атайын сөз козгобосо да, күзүндө өтө турган тажик шайлоосунун маселесинин татаалдыгын айгинелеген бир олуттуу жагдай бар – азыркы президент Эмомали Рахмонов быйыл үчүнчү мөөнөткө калуу үчүн ат салышууга камынууда. 2003-жылкы конституциялык референдум ага мындай мүмкүнчүлүктү түзүп берген.

Бейшемби күнү кечинде ЕККУнун учурдагы төрагасы Кабулга келип, ооган президенти Хамид Карзай менен сүйлөшүү жүргүздү.

Жалпысынан, Борбордук Азия сапары маалында ЕККУнун төрагасы Карл де Гухт ар өлкөнүн өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен баарлашып жатты.

Маселен, Түркмөнстанда ал 29-мартта президент Сапармурат Ниязов менен жолугуп, аны демократиялык реформа жараянын баштоого үндөдү. Ошол эле учурда Түркмөнстанды Европаны газ менен жабдыган өлкө катары баса белгилеп, ЕККУ менен мындан ары да тыгыз кызматташтыкка чакырды.

Андан бир күн мурун (28-мартта) Карл де Гухт Кыргызстанда расмий Бишкекти кылмыштуулуктун ар кандай түрлөрүнө каршы иштиктүү күрөшүүгө үндөп, ошондой эле өлкөдө улуттар аралык мамилелерде санааркоо туудурган жагдайлар да бар деген оюн ортого салды.

Арийне, Жогорку Кеңештин төрагасы Марат Султанов ЕККУнун төрагасынын бул пикирине макул эместигин жашырбады:

- Негизинен айтканда, Кыргызстан улутттук азчылыктарга ар дайым дурус мамиле кылып келген. Ал түгүл кыргыздар өздөрү Кыргызстанда улуттук азчылык акыбалында калган учурлар да болгон.

(Айтмакчы, 30-31-мартта Вена шаарында укук коргоочулардын эл аралык жыйыны жана Эл аралык Хелсинки Федерациясы уюштурган атайын маалымат жыйыны өткөрүлүп, ага кыргызстандык укук коргоочулар да катышышты. Алардын бири Төлөйкан Исмаилова былтыркы ыңкылаптан кийин деле Кыргызстанда сот бийлиги аткаруу бийлигинин өкүлдөрүнө багыныңкы болуп жаткан азыркы кырдаалда, аз сандуу улуттардын өкүлдөрү сот адилеттигине жете албай келет, алардын укуктары дагы эле тебеленип жатат деген тынчсыздануусу менен бөлүштү).

Карл де Гухт өз сапарын 27-мартта Казакстанга келүү менен баштаганын мурда айткан элек. Ал президент Нурсултан Назарбаев менен жолугуп, өлкө 2009-жылы ЕККУнун төрагалыгынын милдетин аркалап калышы ыктымалдан алыс эмес экендигине ишаара кылды, бирок, ошол эле учурда, расмий Астананы жигердүү саясий реформа жүргүзүүгө үндөдү.

ЕККУнун учурдагы төрагасы аймактагы сапарын улантып, Ооганстандан Өзбекстанга жума күнү кечкурун келди. Ал ишембиде, чын курандын (апрелдин) биринде расмий Ташкен менен ЕККУ жана Өзбекстандын өз ара кызматташтыгы тууралуу сүйлөшүү жүргүзмөкчү.

Ал президент Ислам Каримов менен жолугушуусу маалында былтыркы май айындагы Анжыяндагы кыргынды сөзгө алаары күтүлүүдө. Ал эми расмий Бишкекти болсо де Гухт мырза былтыркы май айынан бери кармалып жаткан анжыяндык төрт өзбек качкынын расмий Ташкенге өткөрбөөгө чакырды.

(Сүрөттө - Кыргызстандын президенти Курманбек Бакиев ЕККУнун төрагасы Карл де Гухт мырзаны кабыл алды. 28-март. ЕККУнун сүрөтү).

XS
SM
MD
LG