Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:57

Президент каршылык акциясына келгендерге чыкпаган өкмөт өкүлдөрүнө ачууланды


Президент кайрылуусунда өкмөт мүчөлөрүнүн аракетин сынга алып, митингичилердин талабын угууга эч кимиси чыкпаганына таң калганын, өзү болсо кечке башка жумуштар менен жүрүп, кечке жакын алардын алдына чыкканын айтты. «Акүйдүн алдына эл келип, премьер-министрдин кызматтан кетишин талап кылып жатса ага эч ким көңүл бурбаптыр. Мындайга жол берген өкмөт мүчөлөрү менен маселени териштиребиз», - деди президент. Президент ошондой эле Рысбек Акматбаевдин тарапкерлери маселени сот аркылуу укуктук негизде чечиши керектин айтып, эгер ал талапкерликтен туура четтетилген болсо эч кандай митингдер жардам бербейт деди.
Кечээ эртең менен өкмөт үйүнүн жанына Балыкчы шайлоо округу боюнча депутаттык жарыштан четтетилген Рысбек Акматбаевдин миңден ашуун тарапкери анын талапкерлигин калыбына келтирүү жана өкмөт башчы Феликс Куловду кызматтан кетирүү талаптары менен митингге чыгышкан болчу.
Кечке жуук алар менен Президент Курманбек Бакиев чыгып сүйлөшүп, талаш маселени сот аркылуу чечуу керектигин айтып, нааразылык акциясын токтотууга, тарап кетүүгө чакырган болчу. Ушундан соң Рысбек Акматбаев тарапкерлерин өзү кайра кетүүгө үндөп, көп узабай алар келген жагына тарап кетишкен.

Шайырбек Эркин уулу

XS
SM
MD
LG