Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:11

Кытайлык ишкерлер Баткен облусу менен алака-катыш күтүүгө кызыкдар.


БАТКЕН. Бул тууралуу Баткенге келген Кытай ишкерлер ассоциациясынын төрагасы Ян Лин Ло айтты. Кытайлык ишкерлер облуска эки этапта жардам бергиси келишет. Алгач Баткенге ири соода борборун ачып, андан соң өндүрүү жана кайра иштетүү жаатын байкаштырышат. Баткен губернатору Султан Айжигитов эки тараптуу сүйлөшүү учурунда, облус тууралуу кеңири маалымат берип, эгер Кытай ишкерлери өндүрүүнү жана кайра иштетүүнү боолголоп жатышса, бардык иштер облустун аймагында жүргүзүлүшү керектигин баса белгиледи.

Сабыр Абдумомунов



Аба ырайы тууралуу шашылыш билдирүү.

1-2-апрель күндөрү Ош, Жалалабат облустарынын тоолуу аймактарында жана Бишкек-Ош автожолунун 132-138 жана 198-260 чакырым аралыктарында кар көчкү жүрүшү күтүлөт.

2-апрелде Кыргызстанда ала булут каптап турат, түнкүсүн Ысыккөл жана Нарын аймактарында жамгыр жаайт, тоого кар түшөт.

Абанын температурасы:

ЧҮЙ өрөөнүндө түнкүсүн +1...+6, күндүз +13...+18 градус.
ТАЛАСта түнкүсүн 0...+5, күндүз +11...+16.
БАТКЕН, ОШ, ЖАЛАЛАБАТ аймактарында түнкүсүн +3...+8, күндүз +14...+19 градус.
ЫСЫККӨЛ облусунда түнкүсүн 0...+5, күндүз +9...+14 градус.
НАРЫНда түнкүсүн 0...+5, күндүз +8...+13 градус.
БИШКЕК шаарында ала булут каптап турат, жаан-чачындын болушу күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +4...+6, күндүз +15...+17 градус жылуу болот деп билдиришет Кыргызстандын синоптиктери.


Редактору Кубат ЧЕКИРОВ

XS
SM
MD
LG