Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:18

Облустук гезиттер мамлекеттин карамагынан бошонду


ЖАЛАЛАБАТ. 1-апрелден баштап Жалалабад облусунда чыгып жаткан мамлекеттин карамагындагы маалымат каражаттары өзүн өзү каржылоого өттү. Облустук каржы башкармасы каражаттын тартыштыгына байланыштуу аларды каржылоону токтотту. Облустук басылмалар эми жарнамалар менен демөөрчүлөрдү издөө ишин күчөтмөкчү. Ошол эле учурда алар жазылуудан тапкан акчаларын толук ала албай келатышканын белгилешүүдө. Мисалы, Бишкектен апта сайын чыгып турган “Акыйкат” жумалыгынын “Кыргызпочтасы” ишканасынан 170 миң сом аласасы бар.

Ырысбай Абдыраимов

XS
SM
MD
LG