Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Сентябрь, 2023-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:50

Кыргызстандын Хипик программасына киришин көлдүктөр колдобойт


КАРАКОЛ. Ысыккөлдөгү жарандык коомдун, саясий партиялардын өкүлдөрү Хипик программасына кошулуу тууралуу өкмөттүн демилгесин колдобойт. Мындай бүтүм жарандык коом бирикмесине кирген уюмдардын отуздай өкүлү талкуулагандан кийин чыкты. Каракол шаарындагы “Жарандык коом” бирикмесинин төрагасы Канымбек Жакыпбектегиндин айтымында алар Кыргызстандын Хипик программасына кириши эгемендүүлүккө олуттуу коркунуч келтирип, өлкө өнүккөн олигархия ажыдарынын тепсендисинде калат деп белгилешти. Мындай мазмундагы кайрылууну президентке, өкмөткө жана парламентке жолдошту.

Рита Нурмамбет кызы

XS
SM
MD
LG