Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:40

ТАЛАНТ ТАГДЫРЫ : ЖАШ МАНАСЧЫ ДӨӨЛӨТБЕК СЫДЫКОВ


Бүгүнкү күндөгү келечекте көптү үмүттөндүргөн жаш манасчынын бири – Дөөлөтбек Сыдыков. Ал Кыргыз Улуттук консерваториясынын экинчи курсунда салттык музыка бөлүмүндө окуйт. Дөөлөтбек бир эле мезгилде “Манас-мурас” корунун таанымал манасчылары Уркаш Мамбеталиев, Назаркул Сейдракмановдон айтуучулук сабакты алат. Дөөлөтбек өзү теңдүүлөрдүн үнү, обону менен гана айырмаланбастан, айтуучулукка болгон сүйүүсү, изденүүсү менен да өзгөчөлөнөт.

- Тээ Саякбай, Сагынбай аталарыбыздан тартып, бири-биринен үлгү алып, ээрчип жүрүп үйрөнүшкөн,- дейт Сыдыковдун устаты, карыя манасчы Уркаш Мамбеталиев. -Кимдин көкүрөгүндө чымыны болсо ал токойлотуп улантып кеткен. Азыркы космос доорунда Манас айтуу оңой эмес. Өткөн жылы Манас айтуучулардын республикалык сынагы болду. Ошондо Дөөлөтбек да катышты. Ал бир сааттан ашык айтканда абдан катыра айтты. Калыстар эле эмес көрүүчүлөрдүн да көңүлүнө толду. Дөөлөтбек “Көкөтөйдүн ашын” айтты. Кээ бир “Манасты” окубаган, билбегендер Дөөлөтбек өзүнүн үлгүсүн күпүлдөтүп айтып атат деп ойлоп калышы мүмкүн. Дөөлөтбек азыр жаттап айтып атат. Бирок, Дөөлөтбек жаттап айтып атса да Манаска берилүү дити, аракети, тилинин тактыгы, обонунун башкаларга окшобогондугу менен айырмаланып ашып-ташып оргуштап турат. Эми Дөөлөтбек Кытайга чейин барып, чоң манасчы Жусуп Мамайдын батасын алып келди. Эми чоң атабыздын батасы тийип, жаттама деген эмне үлгү алуу, өзүнчө мектеп. Ошондуктан ал кийин айткандарын бутактатып, өзүнчө үлгүлөрүн айтып кетет деп, келечекте чоң манасчыдан болот деп ойлоймун.

- Дөөлөтбек мырза. Мына ушундай күпүлдөтө “Манас” айтып калышыңа ким себепчи болду?

- Менин чоң атам Семетейчи эле, кичинекейимде ал кишинин айткан Семетейин көп уктум. Кийин өзүнчө айтып, 7 класстан тартып эл алдына чыга баштадым.

- Эми Дөөлөтбек мырза, эсиңде болсо балапан кезиңде чоң атаңдан уккан “Семетейден” үзүндү угармандарга тартуулап койсоң?

- Азыр чоң атамдын Семетейди сүрөттөгөн жеринен бир-эки сабак аткарып берейин.

Бир карындын майына
Бир найзанын түптөгүн
Жөн эле туруп майлаган,
Каарына тийгенде,
Чоң атасы Жакып кан,
Жакып канды жайлаган – дегендей саптар менен сүрөттөп айтаар эле.


- Дөөлөт мырза эченчи класстан кароо сынактарга катыша баштадың?

- 7-класстан баштап катыша баштадым. Ал эми чоң жарышка 1999-жылы ПРООН уюштурган манас айтуучулардын сынагына катыштым. Ага 50дөн ашык балдар катышкан эле.

- Ошол кароодо “Манастын” кайсыл бөлүгүнөн үзүндү айттың эле?

- Кароодо билет боюнча “Манас менен кыз Сайкалдын сайышын” айткан элем. Азыр ошону аткарып берейин

Ээ атчабар жерин карасаң,
Тектиргендин талаасы,
Базар кылып турганы
Тейишкандын калаасы,
Байгесине сайганы
Төрт жүз жылкы үч жүз уй,
Төөдөн жана жүз болду.
Атчабар жери түз болду.


- Дөөлөтбек мырза, өмүрүңдө көңүлүңдөн өчпөй, эсиңден чыкпай турган «Манас» айтуучулардын чоң жарыштарына катыштыңбы?

- Өткөн жылы “Башканы коюп, Манасты айт” деген республикалык фестивалга катыштым. Р.Искаков баш байгени, мен биринчи орунду алдым. Ошондо “Манастан” бир саат 20 мүнөт айттым. Бул менин эсимден чыкпай, көңүлүмдөн өчпөй турган окуя болду.

- Ошол жарышта “Манастан” кайсы үзүндүнү айттыңыз эле?

- “Манастан” Көкөтөйдүн ашын айттым. Эми Манас баатырдын Көкөтөйдүн ашында келе атканынан айтып берейин.

Ээ кызыл кыяк кезеңден,
Кымбатың Манас кыйшайып,
Көрүнүп калган кез экен.
Кыйноону тарткан кыргыздар
Бөлүнүп калган кез экен,
Көкөтөйдүн кемеге
Кара калмак, Манжурга,
Талатып койгон кез экен деген ж.б. үзүндүлөрдү айттым.


- Дөөлөтбек мырза өткөн жылы Кытайдагы кыргыздарга барып келдиң. Айтылуу Жусуп Мамай баштаган манасчыларга жолуктуңбу?

- Менин өмүрүмдөгү эң чоң окуя айтылуу Жусуп Мамайдын батасын алдым. Комуздун коштоосунда айткан манасчылар менен тааныштым. Алардын обондору башка экен. Булар менен бир күн Манас айтыштым.

- Дөөлөтбек мырза, Манасты түш көрүү жолу мененби, же жаттап айтасыңбы?

- Негизинен мен Сагынбай менен Саякбайдын варианты боюнча айтам. Окуянын өзөгүнө карата кошуп да айтам.

- Дөөлөтбек мырза улуу манасчылардын ичинен кимди туу катары тутасың?

- Мен үчүн бардык эле манасчылар сый-урматка ээ. Мен үчүн баары бирдей.

- Ыракмат, Дөөлөтбек мырза. Өнөрүң өркүндөй берсин, чыгармачылык ийгиликтерди каалайм.
XS
SM
MD
LG