Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Декабрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:41

Кошмо Штаттары Ирандын жер титирөөдөн жабыркаган аймактарына жардам жиберүүнү сунуш этти


Кечээ Ирандын батыш чөлкөмүндө болгон кырсык кеминде 70 кишинин өмүрүн алып кетти. Бир миң эки жүздөй адам жарадар болду, 15 миңден ашууну үй-жайсыз калды. Соңку расмий маалыматтарга ылайык, жер титирөөдөн 330 айыл-кыштак жапа чекти. Өлкөнүн тышкы иштер министринин орун басары куткаруу иштери аяктады деп билдирди.
Вашингтон менен Тегеран ортосундагы пикир келишпестиктерге карабай, ошол эле күнү президент Буш Иран элине көмөк сунуш этти.
Ирандын БУУдагы элчиси өз өкмөтү менен кеңешип туруп, жооп берээрин билдирди.
2003-жылы түштүк Ирандагы катуу зилзаладан кийин да АКШ өз жардамын жиберген. Былтыр болсо Тегеран америкалыктардын гуманитардык жардамынан баш тарткан.

XS
SM
MD
LG