Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:01

Конституциянын жаңы долбоорлорун иштеп чыгуу үчүн түзүлгөн жумушчу топ ишин баштайт


БИШКЕК. Баш мыйзамдын жаңы долбоорлорун иштеп чыгуу боюнча президенттин жардыгы менен түзүлгөн жумушчу топ 3-апрелден тарта ишке киришет. Парламенттин депутаты Азимбек Бекназаров жетектеген бул жумушчу топко башкаруунун ар кандай формалары боюнча Кыргызстандын Конституциясынын долбоорлорун иштеп чыгуу тапшырылган. Долбоорлор иштелип чыккандан кийин президентке сунушталат. Алар ошондой эле мамлекеттик башкаруу формасын тандоо боюнча элдик референдумду өткөрүүдө да пайдаланылат. Жумушчу топтун курамында парламенттин депутаттары Исхак Масалиев, Өмүрбек Бабанов, юстиция министри Марат Кайыпов, билим берүү министри Досбол Нур уулу, коомдук ишмер Топчубек Тургуналиев жана башкалар бар.

XS
SM
MD
LG