Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:28

Рысбек Акматбаев депутаттыкка талапкерлигин кайтарып алды


Бишкектин Биринчи май райондук соту бүгүн 2-апрелде Рысбек Акматбаев Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан депутаттык жарыштан негизсиз четтетилген деген чечим чыгарды. Соттун мындай чечиминен кийин Р. Акматбаев Балыкчы шайлоо округу боюнча кайрадан депутаттыкка талапкер катары ат салыша алат.
Р. Акматбаевди мурда соттолгондугу жоюла элек жана Кыргызстан аймагында акыркы беш жыл туруктуу жашаган эмес деп 30-мартта Борбордук шайлоо комиссиясы депутаттык жарыштан четтетип койгон. Р. Акматбаев өзүнүн миңден ашык таламдаштары менен 31-мартта Бишкекте Өкмөт үйүнүн алдында каршылык акциясын өткөргөн. Аларга Президент Курманбек Бакиев өзү чыгып сүйлөшүп, чыр маселени сот менен чечүүгө үндөп таркаткан болчу. Ошондон кийин Р. Акматбаев Борбордук шайлоо комиссиясынын чечимин талашып сотко кайрылган.

XS
SM
MD
LG