БИШКЕК. БШКнын Рыспек Акматбаевди шайлоодон четтеткен чечимин кечээ кечинде Биринчи май райондук соту жокко чыгарды. Сотто анын жактоочулары БШК саясий тапшырманы аткарган деп билдиришти. БШК 30-мартта Рыспек Акматбаевди соттолгондугу жоюлган эмес жана Кыргызстандын аймагында мыйзам талап кылган мөөнөттө жашаган эмес деп шайлоо жарышынан алып салган. БШКнын өкүлү Гүлбара Калиеванын айтымында, алар Жогорку сотко апелляциялык арыз менен кайрылышат.