Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:31

ЕККУнун төрагасы өзбек бийлигин Андижан окуясы боюнча маалыматтарды көбүрөөк ачыктоого чакырды


ЕККУнун азыркы төрагасы, Бельгиянын тышкы иштер министри Карел де Гухт кечээ Ташкендеги бир күндүк сапары учурунда өзбек президенти, тышкы иштер министри, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү менен кездешти. Ал белгилегендей, Анжияндагы козголоң кан төгүү менен басылышына байланышкан маалыматтарды көбүрөөк ачыктоо - келечекте ушундай окуялардын кайталанышын алдын алууга жардам берет. ЕККУ төрагасы ошондой эле өзбек бийлигин жарандык коомду чыңдоого үндөп, соңку айларда бейөкмөт уюмдарга кысым күчөдү деген маалыматтар боюнча тынчсыздануу билдирди.

XS
SM
MD
LG