Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:16

Жалалабат шаарынын башчысы алмашты


ЖАЛАЛАБАТ. Президенттин жардыгы менен башка кызматка которулган Ильяс Айсариев Жалалабат шаар башчылыгынан бошотулуп, анын ордун убактылуу Дүйшөн Мамасалиев ээледи. Мамасалиев шаардагы “Нур” акционердик коомунда төраганын орунбасары болчу. Өзбекстандын машина чыгаруучу заводу үчүн тетиктерди жасоочу ишканада эмгек өндүрүмдүүлүгү былтыр 43 пайызга өскөн. Мурда аскер өнөр жайына багытталган заводдо жумушчулардын саны баштагыдан 10-15 эсеге кыскарган. 150 миңдей эли бар шаардагы 235 ишкананын 66сы иштейт. Расмий түрдө калктын 20 пайызы жумушсуз. Учурунда президент Курманбек Бакиев да башкарган заводду азыр экс вице-премьер Абжапар Тагаев жетектейт.

XS
SM
MD
LG