БИШКЕК. Бүгүн президент Курманбек Бакиев өкмөт мүчөлөрү менен жыйын өткөрүп, анда 31-марттагы Өкмөт үйүнүн алдындагы нааразылык акциясына болгон өкмөт аракетине баа берилди. Президент бул күнү чыңалган кырдаалды сүйлөшүү жолу аркылуу чечпегени үчүн өкмөттү сынга алды. Жыйында ошондой эле президент администрациясы менен өкмөттүн ортосундагы координацияны күчөтүү маселеси да талкууланды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлашты. 31-мартта депутаттык жарыштан четтетилген Рысбек Акматбаевдин миңден ашуун тарапкерлери өкмөт башчы Феликс Куловду кызматтан кетирүү талабы менен Өкмөт үйүнүн алдына чыгышкан.
Президент каршылык акциясына чыккандар менен сүйлөшүүдөн качкандыгы үчүн өкмөттү сынга алды