Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:46

Францияда Эмгек мыйзамына байланыштуу массалык демонстрациялар бүгүн кайрадан өтөөрү күтүлүүдө


Профсоюздук жана студенттик уюмдар жаңы мыйзам боюнча иш берүүчүлөр жаштарды алгачкы эки жылдык сынак мөөнөттүн аралыгында жумуштан эч себепсиз бошотууга укук алганына каршы болуп жатышат.
Француз президенти Жак Ширак мыйзамга, өзгөртүү киргизилген шартта гана кол койорун билдирди. Бирок профсоюздардын айтымында, аларды мамлекет башчысынын туруму канааттандырган жок.
Нааразылык акциялар башталганына эки ай болуп калды. Жалпы улуттук аракеттенүү күнү деген ат менен буга чейин 28 - мартта өткөн көчө жүрүштөргө, профсоюздардын эсеби боюнча, 3 миллиондой адам катышкан.

XS
SM
MD
LG