Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Май, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:06

Качкындар эми каалаган жерин сурай алышпайт


БИШКЕК. Жогорку Кеңеш бүгүн «Качкындар тууралуу» мыйзамга өзгөртүү киргизген мыйзам долбоорун кабыл алды. Анда Кыргызстандын аймагына башка өлкөлөрдөн качып өткөндөр жергиликтүү бийлик көрсөткөн жерде гана баш калкалап турганга милдеттүү экени белгиленген. Аталган долбоордун автору, депутат Камчыбек Ташиевдин айтымында, буга чейинки мыйзамга ылайык, качкындарга кайсы жерди кааласа ошол жерде баш калкалоо укугу берилген. Маселен, былтыр Анжиян окуясынан кийин Кыргызстанга оогон өзбек атуулдары Жалалабат курортунун жанынан жай берүүнү талап кылышкан.

XS
SM
MD
LG