Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:19

Кыргызстан Кытайдын жардамы менен трактор чыгарууга белсенүүдө.


БИШКЕК. Карабалта шаарында кытайлык өндүрүшчүлөр менен биргеликте трактор чыгаруучу завод ачуу пландаштырылууда. Бул тууралуу «Кыргызресурстары» мамлекеттик ишканасынын жетекчисинин биринчи орун Карыпбек Асанов бүгүнкү маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында эгер мындай завод курулса дыйкандар салыштырмалуу түрдө баасы арзан тракторлорду сатып ала ала алышат. Маселен алардын баасы 2600дөн 13 миң долларга чейин болушу мүмкүн. Маалыматтарга караганда, учурда өлкөдө болгону 25 миң гана даана трактор болсо, алардын 30 пайызы ишке жараксыз.

Аба ырайы

БИШКЕК. Метеорология борборунун маалыматы боюнча, 6-апрелде республиканын айрым аймактарында жаан жаайт. Тоолорго кар түшөт.
Батыштан шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 14 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +6...+11, күндүз +13...+18 градус.
Таласта түнкүсүн +4...+9, күндүз +12...+17 градус болот.
Жалалабат, Ош, Баткен дубандарында түнкүсүн +6...+11, күндүз +16...+21 градус.
Ысыккөл облусунда түнкүсүн -1...+4, күндүз +8...+13 градус.
Нарында түнкүсүн 0...+5, күндүз +9...+14 градус.
Бишкекте күн бүркөлүп ачылып турат. Түнкүсүн жана таңга маал жаан жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн +8...+10, күндүз +13...+15 градус.

Күндүн узактыгы 12 саат 58 мүнөт.

Шайырбек Мукарамов

Редактору Кубат Чекиров

XS
SM
MD
LG