Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:17

Түркия түрмөлөрүнүн биринде 11 кыргыз атуулу кармалууда


БИШКЕК. Учурда Стамбул түрмөсүндө 11 кыргыз атуулу кармалып турат. Алардын алтоосу Шенген визасын жасалма колдонгондугу, экөөсү сойкулук жасагандыгы үчүн кармалышкан. Бул тууралуу жакында Түркияда иш сапары менен болуп келген Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Исабеков бүгүнкү маалымат жыйынында билдирди. Сойкулук менен кармалган кыздардын бирөөсү 5 миң долларга сатылганын айткан. Депутаттын айтымында, кыргызстандык кыз-келиндерди Түркияга сойкулук үчүн сатуу менен шугулданган топ бар. Алардын жасалма виза менен өлкөдөн чыгып кетүүсү болсо коррупция аралашканынан кабар берет. Учурда бул маселени териштирүү үчүн тиешелүү тараптарга тапшырма берилди.

XS
SM
MD
LG