Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:37

Оштогу ыңкылапчылар айрым мекеме-уюмдардын жетекчилерин кызматтан кетүүсүн талап кылууда


ОШ. 5-апрель күнү Оштогу ыңкылапчылардын башын бириктерген жогоруда аталган коомдук бирикменин мүчөлөрү Ош шаардык архитектура жана курулуш башкармалыгынын башчысы Мамат Асылбековдун кызматтан кетүүсүн талап кылып, аталган мекеменин алдына пикетке чыгышты. Марттагы элдик ыңкылап коомдук бирикмесинин төрагасы Тимур Камчыбеков шаардык жана облустук мекеме уюмдарды жетектеген 48 адамды кызматтан кетирүү демилгеси курултайда бекитилип, ал өнөктүктү ишке ашыруу 5-апрелден башталгандыгын билдирди. Архитектура жана курулуш башкармасынын башчысы Мамат Асылбеков анын кызматтан кетүүсүн талап кылгандардын алдына чыга алган жок. Эки сааттай турушкан акциянын катышуучулары чечим чыгарууга 3 күн убакыт берип, таркап кетишти.

XS
SM
MD
LG