Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:35

Шотландияда ак куунун өлүгү табылды


Шотланд кыштактарынын биринен табылган ак куу канаттуунун сасык тумоосунан өлгөн делүүдө. Эгер лабораториялык анализдер муну ырастаса Британия Евробиримдикте канаттуунун сасык тумоосунун вирусу жапайы куштардан табылган он үчүнчү өлкө болот.
Ал эми Германия кечээ бул илдеттин H5N1 вирусу биринчи ирээт үй канаттууларында катталганын ырастады.
Вирус өлкөнүн чыгышында- Саксония жериндеги тоок фермалардын биринен чыккан. Буга чейин Германияда да канаттуунун сасык тумоосунун вирусу жапайы куштардын табылган эле.

Улан Эшматов, Прага

XS
SM
MD
LG