Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:24

Тажикстандын айылдарына кирбей өтүүчү асма көпүрөнүн курулушу дагы бир жылга калды


БАТКЕН. Асма көпүрөнү куруууга керектелүүчү каражаттын суммасы кайра эсептөөлөдүн натыйжасында мурда белгиленгендей 3 млн. евро эмес, 6 млн. еврого чыгып кетти. Бул тууралуу Баткен облусунун губернатору Султан Айжигитов маалымат жыйынында билдирди. Бир өлкөнүн үстүнөн башка бир мамлекеттин жол куруусу 2004 –жылы Еврокомиссиянын кызгуусун арттырып, бул долбоорго 3 млн. евро каржы бөлүп, куруу иштери 2006-жылдын январь айынан башталмакчы болгон эле. Бирок ушул күнгө чейин, жөн гана ооз учунда кеп кылынып келүүдө. Бул долбоор ишке ашса Лейлек району менен Сүлүктү шаарынын жана Баткен районунун үч айыл өкмөтүнүн калкы облус борборуна Тажикстандын айылдарына кирбей, түз каттоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.

Аба ырайы

БИШКЕК. Синоптиктердин кабарлоосуна караганда, 7-апрелде Кыргызстандын аймагы боюнча жаан-чачын күтүлбөйт. Бир гана түнкүсүн Ысыккөл облусунун айрым жерлеринде жамгыр жаайт. Батыш тараптан ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жеткен жел жүрөт. Ысыккөл акваториясында шамалдын ылдамдыгы 10-14 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Талас облусунда түнкүсүн +3...+8, күндүз +17...+22 градус.
Ысыккөлдө түнкүсүн 0...+5, күндүз +10...+15.
Ош, Баткен, Жалалабат аймактарында түнкүсүн +4...+9, күндүз +18...+23 градус.
Чүйдө түнкүсүн +2...+7, күндүз +16...+21 градус болот.
Нарын облусунда түнкүсүн -4...+1 градус, күндүз +10...+15.
Бишкекте сейрек булут каптап турат. Жамгыр жаашы күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +4...+6, күндүз +18...+20 градус.

Шайырбек Эркин уулу

Редактору Кубат Чекиров

XS
SM
MD
LG