Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:29

Жарандык коом жөө жүрүшкө чыгат


БИШКЕК. Жарандык коом өкүлдөрү ушул айдын сегизинде жана он экисинде «Мыйзам жана тартип үчүн» деген аталышта жөө жүрүш жана митинг өткөрүшмөкчү. Бул тууралуу демократиялык күчтөр партиясынын башчысы, депутат Кубатбек Байболов баштаган айрым саясий партиялардын жана бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү бүгүнкү маалымат жыйынында айтышты. Мыйзамдуулукту сактоо жана бийликтин кылмыш дүйнөсү менен кошулуп кетишине жол бербөө ураандары астында өтө турган бул акцияны 23 коомдук уюм колдоп чыкты.

XS
SM
MD
LG