Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:48

Америкалык авиабазанын жумушчулары нааразылыкка чыгышты


БИШКЕК. "Манас" аба майданындагы америкалык авиабазанын кыргызстандык жүздөн ашуун жумушчусу бүгүн нааразылык чарасына чыгышты. Алар эмгек акыларынын кыскарганына нааразылык билдирип, аны калыбына келтирүү талабын коюушууда. Жумушчулардын айтымында, авиабазаны тейлөө боюнча тендерди утуп алган «Дамак» аттуу фирма эмгек акыларды кыскарып, алардын укугу корголоору тууралуу келишим одоно бузулууда. Авиабазанын коомчулук менен иштөө бөлүмүнүн өкүлү Гейл айым «Азаттыкка» бул маселе боюнча жетекчиликтин кабары бардыгын жана учурда сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын билдирди.

XS
SM
MD
LG