Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:48

ОРУСИЯДА ЖЫЛ БАШЫНАН БЕРИ РАСИСТТИК МААНАЙДА КОЛ САЛУУДАН 6 КИШИ КУРМАН БОЛУП, 79 КИШИ ЖАРАДАР


Муса Мураталиев, Маскөө калаасы Санкт-Петербургдун шаардык прокуратурасы кечөө тажик кыздын өлтүрүлүшү боюнча чыгарылган сот өкүмүн бузуу талабы менен Орусиянын Жогорку сотуна кайрылды. Ага дейре питердик балдар бычактап өлтүргөн тажик кыздын эне-атасы да Жогорку сотко кайрылышкан. Санкт-Петербург шаардык соту жакында ал кылмыш иши боюнча «ээнбаштык» беренеси астында кызды бычактаган балдарды бир жарым жылдан беш жылга дейре түрмөгө кескен эле. Бирөө акталып чыккан.

Тогуз жашар тажик кызды питердик боз баш балдар бычактап өлтүрүү 2000-жылы 9-февралда болгон. Ал жорук журналисттер менен адам укугун коргоочулар чөйрөсүнө билинип калып, кыйла кепке айланган. Акыры бийлик боз баш балдарды кармап кылмыш иши козголгон. Улуттук касташуу ага себепкер деп адвокаттар айтып турса да сот «ээнбаштык» беренеси астында балдарды кескен. Ошол жерде тогуз жашар Хуршиданын апасы «эмнеге бул илдеттер кызымды өлтүрүштү?» - деген суроону он кайталады эле.

Коомчулук секелек кызды атайылап өлтүрүүнү тынбай кепке алып туруп алганда Санкт-Петербург губернатору Валентина Матвиенкого ал жетип, ошондо бул кылмыш ишти өзүм үстүнөн карап акырына чыгарамын деп убада берген:

«Жердин астынан болсо да тапкыла! Дароо чара көргүлө. Мындай фактылар сөзсүз жазага тартылууга тийиш», - деген болуучу Матвиенко айым журналисттер көзүнчө күч органдарына жазаган кайрылуусунда.

Ошол иш өкүмү жакында чыккан. Ага маркум кыздын эне-атасы сыңары коомчулук да алымсынган эмес. Тажикстан жумуриятынын Орусиядагы элчилиги атайын билдирүү менен Орусиянын ТИМине кайрылуу да жазаган. Ал туурасында Тажикстан элчилигинин маалымдоо катчысы Мукамбет Экамзода биздин радиого айтты:

«Тажикстандын тышкы иштер министрлиги бул адилетсиз өкүм боюнча Тажикстандын элчилиги аркылуу Орусиянын тышкы иштер министрлигине атайын нота киргизген», - дейт Экамзода.

Кечөө шаардык соттун өкүмүн буздурууга ал калаа прокуратурасы өлкөнүн Жогорку сотуна кайрылуу жазаган. ИНТЕРФАКС агенттиги адвокаттар тобу да соттун чечими бузуларына ишенишет деп белгилейт.

Баса, ошол эле Питерде 24-февралда боордошубуз Айнур Бөлөкбаева бычак жеп көзү өттү. Аны анализчилер скинхеддер – улутчул жаштар тобу бычактаган дешет. Алдыңкы күнү ошол эле, Санкт-Петербургда боз баш балдар сабаганга байланыштуу кытай студент кызы ооруканага түшкөн. Мурунку күнү Сургут калаада 15 жашар казак бала Кайрат Мурзагалиев дүкөндөн нан алып келатканда жолдон 8 боз баш бала сабап, ал да ооруканага түшкөн. Кайрат айтканга караганда алар «Орусия – орустардыкы!» - деген ураан айтып чуркап келип ортого алып туруп сабашкан. Кечөө Воронеж калаада былтыр Перулук студентти өлтүрүшкөн 13 боз баш бала сот иши уланды.

Орусиялык жаштардын славяндарга окшобогондорго кол салуусу кийинки үч ай ичинде 40ка жеткен. Үстүдө жылдын ичинде расисстик маанайда кол салуудан 6 киши курман болуп, 79 киши жарадар болушкан. Бул туурасында өкмөткө баш ийбеген «Сова» уюмунун өкүлү Галина Кожевникова айтат.

XS
SM
MD
LG