Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:53

КМШдан ТҮҢҮЛГӨН МОЛДОВА ЕВРОБИРИМДИКККЕ КЕЗЕККЕ ТУРМАК БОЛДУ


КМШ өлкөлөрү эркин соода мейкиндигин түзө албай, эки тараптуу келишимдердин негизинде иш жүргүзүп жатканына Молдова чыдабады. Бейшемби күнү Бухарестте өткөн жыйында Молдова 2007-жылдын башынан Борбор Европа Эркин соода келишимине кошулаарын билдирди. Ошентип Молдова келерки жылдан тартып Түштүк Чыгыш Европанын жети өлкөсү менен эркин соодалаша баштайт жана Евробримдикке өтүүгө мүмкүндүк алат.

Балтика боюндагы мурдакы үч советтик республиканы албаганда, калган постсоветтик өлкөлөр жалпы экономикалык мейкиндикке бириге албай, 15 жылдан бери эки тараптуу келишимдердин негизинде иш жүргүзүп келишет. Борбор Азиянын беш өлкөсү ортосундагы экономикалык карым-катнаштар да эки тараптуу келишимдерге таянат. Бул учурда Европанын посткомунисттик өлкөлөрү жигердүү иштешүүдө. Анын бир үлгүсү- Румыния, Македония, Болгария жана Хорватия 1993-жылы түзгөн Борбор Европа Эркин соода келишими же СЕФТА. Кечээ бейшемби күнү Бухарестте өткөн жыйында Сербия, Босния-Герцеговина, Албания, ошондой эле постсоветтик Молдова 2007-жылдын январынан тартып, эркин соода мейкиндигине кошула тургандарын билдиришти. Ал үчүн сегиз өлкө сентябрда жаңы келишимге кол коюшат.

Румыниянын премьер-министри Кэлин Попеску- Тэричанунун айтышынча, жаңы келишимге кол койгон өлкөлөр Евробримдикке өтүүгө кезекке турду дегенди түшүндүрөт:

-Биз СЕФТА келишимин Батыш Балкан өлкөлөрү жана Молдован бул соода келишимине кошулгандай кылып өзгөртүп туруп, кабыл алабыз. Келишим- бул өлкөлөр үчүн Евробиримдикке өтүү үчүн кезекке турчу бөлмө болот.

Попеску Тэричану бейшемби күнү Бухарестеги жыйында белгилегендей, СЕФТАнын азыркы мүчөлөрү Румыния жана Болгария келерки жылы Евробримдикке кошулат.

Жаңы СЕФТА келишими азыркы 31 эки жактуу эркин соода келишимин алмаштырат, сегиз өлкөнүн өнөр жай продукцияларын жана айыл чарба товарларынын олуттуу бөлүгүн өз ара эркин сатууга, талаш-тартыш маселерде жалпы эрежелерди карманууга мүмкүндүк алышат. Жаңы келишим бул өлкөлгө тышкы капиталды тартууну да бир кыйла жакшыртат деген үмүт бар.

Эркин соода мамилелерине өтүү, ЕБнын кеңейүү боюнча комиссары Питер Менделсондун сөзүнчө, Балкандагы экономикалык өнүгүүгө жана саясый стабилдүүлүккө да чоң салым кошот.

Ал эми Торонто университетинин профессору Пьер Дерошьенин пикиринче, кайсы бир өлкөлөр экономикалык өсүүнү кааласа, эркин соода аймагын түзүү же эркин соода мамилесине өтүү менен чектелбей, бүтүндөй экономиканы либералдаштыруу зарыл:

-Эгер сиз экономикалык өсүүнү кааласаңыз, аба, деңиз жана дарыя портторунда, айрым аймактарда эркин соода мейкиндигин түзүү жетишсиз. Чыныгы экономикалык өсүүгө жетишүү үчүн эмгек рыногун, бүтүндөй экономиканы либералдаштыруу абзел.

XS
SM
MD
LG