Михаил Ходорковский бул ирээт сотко үй-бүлөсү менен жолугуп турууну жеңилдетүү үчүн аны Москванын жанындагы абакка которууну өтүнгөн. Иш Москванын райондук сотторунун биринде каралды. Салык жашырды, алдамчылыкка барды деп айып менен сегиз жылга кесилген мурдагы олигарх азыр жаза мөөнөтүн Сибирде - Чита облусундагы түрмөдө өтөөдө. Орус бийлиги Михаил Ходорковский саясий жүйөөдөн улам соттолду деген ырастоолорду төгүндөп келет.