Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Январь, 2022 шаршемби, Бишкек убактысы 20:56

БИРИ КЕТИП УРУМГА, БИРИ КЕТИП ТУРУМГА…


Тышкы карыздардын төөбастысында калган Кыргызстанга эларалык каржы уюмдарынын айткан-дегенинен чыга албаган күнкор өлкө болуу энчиси тийбейби? Эмгекке жарамдуу калктын кыйласы иш издеп Орусия менен Казакстанда жүрүшөт.

Эмгек миграциясын цивилизациялуу жолго салуунун убактысы келгенин жума күнкү «Бишкек таймс» гезитинде Кыргызстандын миграция жана жумуш боюнча мамлекеттик комитетинин төрага орунбасары Досмир Узбековдун маегинде козголгон. Орусия менен Кыргызстан Жамааттык коопсуздук келишимине кирген өлкөлөр. Орус жарандары Кыргызстанга келип 90 күн ээн-эркин жүрө алат да, эмне үчүн кыргызстандыктар Орусияда анте алышпайт. Бул маселени оң жагынан чечип алабыз дейт Д.Узбеков.

Эмилбек Момуновдун «Элиң кетти оруска, жериң калды тажикке» деген макаласы да ушул эле гезитте чыккан. Автордун ырасташынча, эмгекке жарамдуу жарым миллионго жакын кыргыз калкы ушу тапта Орусияда иштеп жүрөт. Алардын 90 миңи орус жарандыгын алууга аракеттенип арыз беришкен. «Бул статистика дагы көбөйүшү мүмкүн», деп жазат макала автору.

2 миллиардка жакын доллар карызы бар Кыргызстан каалайбы-каалабайбы ХИПИК программасына киришке мажбур. 1996-жылдан бери эларалык каржы уюмдары карызга белчесинен батып, айласы куруп калган жакыр өлкөлөрдүн карызын кече баштады. Андай өлкөлөрдүн саны 38, алардын алтоонон башкасы Африка өлкөлөрү. Кыргызстандын карызын кечтиребиз, кыйласын жоюп салдык деп өкмөт эмдигиче элди алдап келатат, деп маалымдайт Кыргызстандын толук ыйгарым укуктуу элчиси Базарбай Мамбетов «ачанга чейин жакыр 39 өлкөнүн бири болуп жүрөбүз?» деген «МСН» гезитиндеги макаласында. 2 миллиард доллар карыз Кыргызстандын 4 жылдык бюджети. Кыргыз өкмөтү Дүйнөлүк банктан 100 миллион доллар алып ПЕСАК программасын аткаруу убадасын берген. Анын негизинде өнөр жай ишканаларынын көбүн жок кылышты, дейт автор.

Кыргызстанды карызга белчесинен батырып, узунсабак сөздөн колу бошобой жүрүп 15 жылды текке кетирген экс-президент Москвада жатып алып өлкөсүн мыйыгынан жылмайып, сындап жатыры, деп жазат Л.Жолмухамедова ушул эле басылмадагы «Сынак президенттин жылтырагы менен бечаралыгы» деген макаласында.

«В конце недели» апталыгында академик Т.Койчуевдин «Үч лөк балыкка таянуу» деген ой жүгүртүүсү жарыяланды. Автордун айтуусунда, эгемен Кыргызстан мыйзам негизине таянып, батыл экономикалык жаңыланууларды жасашы абзел.

Кыргызстанга чоң үмүт менен келген чет элдик боордоштордун көпчүлүгүнүн көңүлү кайт болуп, кыйын абалга капталышкандары жума күнкү «Кыргыз туусу» гезитиндеги Бермет Маткеримованын «Документи жок тентип кетип жатышат» деген макаласында козголгон. Тажикстандан көчүп келген 17 миң чамалуу кыргыздар Чүй боорунда отурукташкан. Жашоо-шарты катаал Мургабда 15 миң кыргыздын 8 миңдейи эле калып, көпчүлүгү башка жактарга көчүп кетишкен. Кыргызстанга келгендеринин деле жыргап кеткен жери жок, деп белгилейт Б.Маткеримова.

Кыргызстанда арак арбын чыгарылып, калктын ачкыл сууга берилиши жылдан-жылга арбып баратат. «Жаңы кылым» гезитинин маалымдашынча, өткөн жылы мурдагысына салыштырмалуу 24 миллион долларлык арак көп куюлган. Белгиленген чекке караганда спирт ичимдиктери арбын чыккан. «Биз ичип эле атабыз, бирок дале аз», деп жазат гезит кабарчысы Г.Деев.

Кулов - Бакиев мунасасы ушу тапта чоң сындан өтүүдө. Парламенттеги депутаттардын көбү өкмөттү сындап, бутага Ф.Куловду гана алышууда, деп жазат «Агым» гезитинде Эрнис Асек уулу. Автордун болжолунда, «Бакиев менен Куловдун тымызын тирешүүсү көпкө созулбай, ачыкка чыгышы да ажеп эмес. Анда өлкөдөгү саясий кырдаал кескин курчушу мүмкүн».

Кыргызстандагы криминалдык топтордун кезектеги кагылышуусу мүмкүн экендиги жума күнкү «Аалам» гезитиндеги Тамчы Таштемировдун макаласында баяндалган. Р.Акматбаевди өлтүрүү аракетин жасап, 25 жылга соттолгон К.Көлбаев мөөнөтүнөн мурда эркиндикке чыгарылып жаткандан кийин, «демек таасирлүү адамдардын буга тиешеси бар. Балким, чын эле ушундайга кызыкдар бийлик төбөлдөрү бар чыгаар?», деп жазат макала автору.

Өзбекстандагы саясий абал курчуй берсе Кыргызстанды качкындардын дагы бир толкуну капташы ыктымал экендиги Ж.Мурадиловдун жума күнкү «Жаңы ордо» гезитиндеги макаласында баяндалган.
XS
SM
MD
LG