Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:59

"Демократиялык күчтөр" жөө жүрүштү колдойт


БИШКЕК. Бүгүн Демократиялык күчтөрдүн элдик коалициясынын жыйыны өтүп, ага Жогорку Кеңештин бир катар депутаттары, айрым саясий партиялардын жана бейөкмөт уюмдардын жетекчилери катышты. Жыйын жабык эшик артында өтүп, ага журналисттер киргизилген жок. Аталган коалициянын төрагасы, депутат Кубатбек Байболовдун билдиргенине караганда, жыйында эртең өтө турган «атуулдар мыйзам жана тынчтык үчүн» жөө жүрүшүн колдоо чечими кабыл алынды. Мындан сырткары ушул айдын жыйырма тогузунда бардык аймактардын, түрдүү саясий партиялардын өкүлдөрүнүн катышуусундагы кеңири алкактагы митинг өткөрүү маселеси талкууланды.

XS
SM
MD
LG