Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:59

КЕРЕМЕТ ҮКӨК : АПЕНДИ МАСКӨӨГӨ КЕЛГЕНДЕ…


Жаңыл Жусубжан, Айжан Шаботоева Орусияда турмуштагы кыйынчылыктар үчүн чет элдиктерди күнөөлөгөндөр жок эмес, ашынган улутчул кырма баштар аларды уруп-сабап, ал тургай өлтүрүп кеткен учурлар кийинки убакта улам көбөйүүдө. Ошол эле мезгилде бул өлкөдө коңшулаш элдерге, алардын каада-салттарына жана маданиятына урмат-сый менен мамиле кылгандар да аз эмес. Буга Маскөөдө чыгыш элдеринин сүймөнчүгү, тамашакөй, тамсилчил, кедей-кембагалдардын досу, чириген байлардын душманы Кожо Насреддиндин жана анын эшегинин эстелигинин ачылышы далил.

Кыргыздар апенди деген амалкөй бирок даанышман Насреддин менен учурашууга ар кыл улуттун өкүлдөрү, анын ичинде азерилер, тажиктер, казактар, оогандар, түрктөр келди. Арасында шаардын түпкүлүктүү тургундары да болду.

Башына жука чалма салынган, чапанын белинен жоолук менен курчанган, колуна китеп кармаган, артынан келаткан эшегине башын буруп, жылмая караган Насреддинди айкелчи Андрей Орлов жасады.

Ал эми долбоор "Маданияттардын диалогу – бир дүйнө" соопчулук кору элден чогулткан каражатка ишке ашырылды. 2005-жылы негизделген кор келечек муундар үчүн маданий мурастарды сактап калуу жана улуттар аралык ынтымакты бекемдөө жаатында иш алып барат.

-Эстелик элдин каражатына тургузулду. Көп уюмдарга кайрылганбыз. Көп кишилер жардамга келишти. Кожо Насрединдин скульптуралык композициясы элге тийешелүү экендиги бизди кубандырат, себеби элдик каармандар элге тийешелүү болушу керек,- деди аталган кордун өкүлү Елена Коршунова

Жаңыл Жусубжан: Кожо Насреддинди орус элине да тийешелүү деп айтсак болобу?

Елена Коршунова: Орус адамы Кожо Насреддинге жылмайуу мамиле менен карайт. Анткени анын айтып калтырган тамсил-насыяттары бүгүн да актуалдуу. Алар бизге ар кандай окуяларга башка көз караштан кароого, экинчи жагынан насаат алууга мүмкүндүк берет. Анын үстүнө алар ар дайым азил-тамаша менен коштолгону албетте ар дайым маанайды көтөрүп турат.

Жаңыл Жусубжан: Маскөөдө кечээ казак жазма адабиятынын негиздөөчүсү Абай Кунанбай уулуна да эстелик ачылды. Бул аракеттер чет элдиктерди жек көрүүнү тизгиндөөгө көмөк берет деп ойлойсузбу?

Елена Коршунова: Биз алдыбызга глобалдык милдет койбойбуз. Биз бардык элдердин салттарын таанытууну максат кылабыз. Жалаң азиялык элдер менен чектелбейбиз. Мисалы Маскөөдө Барон Мюнхаузендин эстелиги да турат. Мында белгилүү гармония бар. Барон Мюнхаузен жашоого батыштык мамилени көрсөтсө, Ходжа Насреддин чыгыштын даанышмандыгын чагылдырат. Мындай гармония кандайдыр бир көрүнбөгөн жолдор менен биздин коомго оң таасирин тийгизет деп үмүттөнөбүз.

Жаңыл Жусубжан: Кырма баштар Кожо Насреддинди токмоктоп кетет деп коркпойсуңарбы?

Елена Коршунова: (күлүп) Жок, биз мындан коркпойбуз. Тескерисинче, ал көпчүлүккө жагат. Орус кемпирлердин, орус балдардын Кожо Насреддинге жылмайып карашканын, эшегине мингенин көрүп, киши кубанат. Бул жакшылыкты гана алып келет деп ойлойм.

БИШКЕКТЕГИ КӨРКӨМ ӨНӨР БОЮНЧА ЭЛ АРАЛЫК КӨРГӨЗМӨ

Албетте башкалардан биздин маданиятты билгиле деп мажбурлай албайбыз, бирок өзүбүз башкалардын маданиятына кызыгып, үлгү боло алабыз. Анын үстүнө буга мүмкүнчүлүк жок эмес, анткени ушул күндөрү Бишкекте эл аралык көргөзмө өтүп жатат.

Айжан: Көргөзмө эл аралык Бишкек 1-апрелдик фестивалдын негизинде өткөрүлүп жатат. Аталган фестивалды «Мuseum» студиясы жана «Тумар Арт» тобу уюштурган. «Табийгыйлуулуктагы автопортрет» деген аталыштагы фестивалга Автрия, Армения, Боливия, Орусия, Тажикистан жана Өзбекстан өлкөлөрүнөн келишкен сүрөтчүлөр, бедисчилер, дизайнчылар катышышты. Төртүнчү жолу өткөрүлүп жаткан бул иш чарада Кыргызстандан 50, ал эми чет жактан 20дан ашык конкурсант ат салышты.

Көргөзмөгө сүрөтчүлөрдүн колунан жаралган, ар кайсы багыттагы полотнолор, фото сүрөттөр, айкелдер жана керамикадан жасалган буюмдар коюлду. Долбоордун менеджери Гүлзат Мамбеталиеванын айтымында иш-чара жогорку деңгээлде өткөн, бир гана кемчилиги каражаттын тартыштыгына байланыштуу байгелердин суммасы кыскарган.

Жыйынтыгында калыстар тобунун чечими менен Кыргызстандык сүрөтчүлөр Диля Халмурзина жана Эрнест Абдразаков биргелешкен эмгеги үчүн баш байгеге татыктуу болушту. Ал эми биринчи, экинчи орундар Орусиядан жана Казакстандан келген сүрөтчүлөргө ыйгарылды. Мындан сырткары кызыктыруучу сыйлыктар да тапшырылды. Диля Халмурзинанын айтымында бул фестиваль көптөгөн өнөр адамдарынын башын бириктирди.

Көргөзмө туурасында айрым көрүүчүлөрдүн оюн сурап кайрылганыбызда төмөндөгүдөй пикирлер айтылды:
- Атым Талгат. Эми жаңы аракет кылып жаткандар бар экен. Мындайча айтканда проблемаларды көтөрүп негизи чоң темаларды козгоптур. Кызыгы бар.
Жакшы чоң глобальный проблемаларга ошолорду козгоп чыгып иштешет экен
.

Талгат мырза ошондой эле өз сөзүндө мындай эл аралык көргөзмөлөрдүн өтүшү өнөр адамдарынын бири-бири менен тажрыйба алмашуусуна чоң өбөлгө түзөт деп кошумчалады.

Көргөзмө Бишкекте опера-балет театрынын маңдайындагы Гапар Айтиев атындагы сүрөт музейинде өтүп жатат.
XS
SM
MD
LG