Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:22

Атуулдук коом уюшкан кылмыштуулукка каршы жөө жүрүшкө чыгат


БИШКЕК. «Демократия жана атуулдук коом үчүн» бейөкмөт уюмдар бирикмеси бүгүн уюшкан кылмыштуулукка, бийлик менен кылмыш дүйнөсүнүн биригип кетүүсүнө каршы жөө жүрүш өткөрөт. Мындай демилгени 20 дан ашуун коомдук уюмдар, Жогорку Кеңештин бир топ депутаттары колдошууда. Демократиялык күчтөрдүн элдик коалициясы да кечээ «Атуулдар мыйзам жана тынчтык үчүн» деген аталыштагы бул акцияны колдоо чечимин кабыл алган. Массалык демонстрация бүгүн саат ондо Бишкек шаарынын түштүк дарбазасынан башталып Ала-Тоо аянтына чейин жетип, митинг өткөрүлөт. Демонстрация «Атуулдар стабилдүүлүктүү талап кылышат!», «Кылмыштуу дүйнө менен сүйлөшүү болбосун!» деген сыяктуу ураандар астында өтөт.

XS
SM
MD
LG